Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:11

Соң-Көл курултайын уюштуруучулардын бири милицияга чакырылды


Бул тууралуу “Кутман Жол” коомдук бирикмесинин Нарын облусу боюнча жетекчиси Эрланбек Өмүралиев "Азаттыкка" билдирди. Ал бүгүн Нарын ОИИБне аталган башкармалыктын 10-бөлүмүнүн жетекчиси Арслан Жусупжанов тарабынан чакырылган.

“Профилактикалык иштерди жүргүзүп жатат. Биз кайрылуубузда курултайды “Ормонхандын 220 жылдыгына карата” деп жатабыз. Мамлекеттик деңгээлде болгон соң, бул иш-чара эмне үчүн мамлекет тараптан уюштурулбай, бейөкмөт уюмдар тарабынан уюштурулуп жатат деген маселе болуп жатат. Эч кандай коркутуп-үркүтүү болгон жок. Курултайды кимдер уюштурганы, негизги максат-багыттарыбыз тууралуу сурашты”,-деди Эрлан Өмүралиев.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Нарынбек Молдоисаев болсо Өмүралиевдин чакырылышы боюнча кабары жоктугун "Азаттыкка" билдирди.

24-августта “Бүткүл Кыргызстан” жаштар саясий партиясы баштаган уюмдар, саясий партиялар Соң-Көлдүн Таш-Дөбө жайытында курултай өткөрөт. Уюштуруучубуз деген мекенчил жаштар позиция-оппозиция деп бөлбөй, кызыкдар тараптардын баарын чакырып, жаштардын башын бириктирүү максатын көздөп жатканын билдиришкен. (AzK)

XS
SM
MD
LG