Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:26

Ак-Сууда кара тумоого каршы эмдөө уланууда


Бул тууралуу Ак-Суу райондук санитардык- эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери Аскар Айдакеев кабарлады. Анын айтымында, кечээ түшкө чейин Кашка-Суу участогунда 22 адамга кара тумоого каршы вакцина сайылды.

Бүгүн Сары-Жаз жайлоосундагы малчыларды кара тумоого каршы эмдөө улантылат. Ошондой эле Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылында 760га жакын адам текшерилди. Аларда оорунун белгилери байкалган эмес. Каза болгон өспүрүм менен карым-катышта болгон 102 адам райондогу оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылды.

22-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык ооруканасына дене табы көтөрүлгөн 15 жаштагы Темирбек Исакунов аттуу өспүрүм жеткирилген. Ал көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан көз жумган. Ушундан кийин тиешелүү анализдер алынып, анын кара тумоодон каза тапканы белгилүү болду. Учурда бул боюнча түзүлгөн республикалык штаб тиешелүү иштерди алып барууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG