Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:00

Британ парламенти Сирияда аскерий чара көрүү маселесин талкуулайт


Британиянын парламенти Сирия режимине каршы аскердик чара көрүү маселесин 29-августта колго салат. Буга чейин Британ куралдуу күчтөрү Сириядагы аскердик иш-чаралардын планынын үстүнөн иштеп жатышканы маалымдалган.

Дамаск өкмөтү 21-августта жайкын тургундарга каршы химиялык курал колдонду деген маалыматтардан кийин Батыштын айрым өлкөлөрү Сириядагы жаңжалга кийлигишүү мүмкүнчүлүгүн караштыра башташкан.

АКШнын коргоо министри Чак Хэйгел Би-Би-Сиге билдиргенине караганда, президент Барак Обамадан буйрук түшсө эле, армия чара көрүүгө даяр турат.
Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллем өлкө өзүн коргоо үчүн “бар аракетин жумшаарын” билдирди.

Орусия Башар Асаддын режимине каршы күч колдонуу “апаатка” алып келээрин эскертип, Вашингтонду “этият” болууга үндөдү.

Президент Башар Асад "армия химиялык курал колдонду" деген ырастоолорду четке какты. Ал ортодо БУУ инспекторлору химиялык чабуулга туш болду делген жерлерди иликтөөнү эртең улантышаарын маалымдады.

XS
SM
MD
LG