Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:48

ШКУ саммитине карата Кыргызстанга техникалык жардам келди


“Хуавэй Техноложиз Бишкек Ко. Лтд” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Чжоу Цзялян Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимовго бүгүн техникаларды өткөрүп берди.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммитин өткөрүү үчүн техникалык жардам катары компьютер, рация жана башка аппараттар берилди.

Кытай Республикасы буга чейин жардам катары унааларды бергени кабарланган. ШКУнун 13-саммитин өткөрүү үчүн Орусия Кыргызстанга ушул күндөрү жеңил унааларды жана тик учак берери маалымдалган. Алардын алгачкы бөлүгү кечээ “Манас” аба майданына келип түштү. Булардын баары Кыргызстанга кайтарымсыз негизде берилүүдө.

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити Бишкекте 13-сентябрда өтөт. Уюмга Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. (AKu)

XS
SM
MD
LG