Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:36

Өкмөт башчынын Жалал-Абаддагы иш сапары аяктады


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин иш сапары күзгү орум-жыйымдын акыбалы, кышка даярдык менен таанышуу максатында болду. Аймактык кабарчыбыздын маалыматы боюнча өкмөт башчы курулуп жаткан балдар бакчасы жана мектептин курулушу абалы менен таанышып, бир катар өнөр жай ишканаларында болду.
Кочкор-Атадагы “Кыргызнефтегаз” ишканасынада болуп, мунай зат жана газ өнөр жай кызматкерлерин бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктады. Ошондой эле премьер-министр Таш-Көмүр шаарындагы Шамалды-Сай ГЭСинде, “Кристалл” акционердик коомунда жана “Тегене” көмүр казуучу шахтасында болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугушкан.(YA;ZKo)

XS
SM
MD
LG