Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Бул аптада Кыргызстанда ШКУнун саммити өтөт


12-13-сентябрда Бишкекте уюмга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчылары катышкан саммит болот. Ошондой эле жыйынга уюмга байкоочу өлкөлөрдүн да президенттери келери кабарланууда.

Саммит учурунда энергетика жаатындагы бир катар келишимдерге кол коюлмакчы. Бул тууралуу өткөн жума күнү Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирген.

Шанхай кызматташтык уюмуна Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Тажикстан жана Кытай мүчө. Ал эми байкоочу өлкөлөр: Иран, Пакистан, Индия, Монголия жана Ооганстан.

Бишкекте өтүүчү саммитке Иран, Монголия жана Ооганстан байкоочу катары катышары белгилүү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG