Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Ата-энеге арналган чыгармачыл сынак аяктады


Кыргызстандын студенттери арасында ата-энеге арналып уюштурулган чыгармачыл сынак аяктады. Эртең Бишкекте жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат. Иш-чараны Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги "Келечек жаштары" коомдук фонду менен бирге уюштурган. "Ата-энем - ырысым, ата-энем - бакытым" деген ураан менен өткөн сынактын максаты - жаштарда улууларга урмат, камкордук сезимди тарбиялоо болгон. Алты номинация боюнча сыйлыктар мыкты сахна оюнун, видеоролик, фотосүрөт жана ыр жарата алган студенттерге тапшырылат. (RK)

XS
SM
MD
LG