Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:52

"Манаста" 11-сентябрдагы теракттын курмандыктары эскерилди


Бүгүн "Манас" Транзиттик жүк ташуу борборунда 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы ири теракттын курмандыктары эскерилди. Иш-чарага АКШ элчиси Памела Спратлен катышты.

2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорк, Вашингтон жана Пенсильваниядагы кол салууларда үч миңдей кишинин жаны кыйылган. Бул теракттар үчүн жоопкерчиликти өз моюнуна "Ал Каида" уюму алган.

Ошол эле жылы АКШ баштаган эл аралык күчтөр Ооганстанда антитеррордук операция баштаган. Анын алкагында Бишкектин четиндеги "Манас" аба майданында Ооганстанга каттаган аскердик учактарды тейлөөчү борбор ачылган. Учурда ал Транзиттик жүк ташуу борбору деп аталат.(RK)

XS
SM
MD
LG