Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:18

Сулайман-Тоодогу музей бүгүн түнүндө иштейт


Сулайман-Тоодогу “Музейдеги түн” акциясы бүгүн кечки саат сегизде башталат. Улуттук “Сулайман-Тоо” тарыхый-археологиялык музей-комплекси түн ортосуна чейин ачык болот.

Кече көргөзмө, концерт, спектаклдер, автордук экскурсиялар, мастер-класс жана улуттук тамак-аштар менен коштолот. Ага каалоочулардын баары катыша алат жана шаардын негизги көчөлөрүндө акысыз унаа каттамы уюштурулат. Бул тууралуу иш-чараны өткөрүп жаткан Youth of Osh коомдук бирикмеси билдирди.

"Музейдеги түн" иш-чарасы алгачкы жолу Берлинде уюштурулган. 1997-жылы Берлин музейи жумуш күнү бүткөндөн кийин да ачык болгон. Андан соң элди тартуу жана кызыктыруу максатында көптөгөн музейлер айрым күндөрү түнү бою иштешкен. (AKu)

XS
SM
MD
LG