Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

"Юпигейт:" тасма талашы парламентке жетти


"Юпигейт" тасмасынын баш каарманы болгон Эрланбек Өмүралиев Соң-Көлдөгү жыйында, 24-август, 2013-жыл
"Юпигейт" тасмасынын баш каарманы болгон Эрланбек Өмүралиев Соң-Көлдөгү жыйында, 24-август, 2013-жыл

Жогорку Кеңеш оппозициянын Нарын дарыясын ууландыруу планы делген тасма маселесин карай турган болду.

Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитети 16-сентябрда оппозициянын абалды курчутуу жана Нарын дарыясын ууландыруу планы делген тасма боюнча ишти жабык талкуулады.

Коомдук телеканал аркылуу коомчулукка ачык көрсөтүлгөн бул маселени эми жашыруунун кажети жок деген айрым депутаттардын сунушу эске алынган жок. Жыйынга тасмада аты аталган Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Кубанычбек Кадыров жана Аликбек Жекшенкулов да катышты. Алар берилген фактылар тиркелбей, тергөө иштери бир жактуу жүрүп жатканын белгилешти.

“Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов “Юпигейт” тасмасы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин атайын буюртмасы менен тартылганын кошумчалады. Буга далил катары аталган” тасмада оппозициянын Нарын дарыясын ууландыруу планын ачыктаган Эрланбек Өмүралиевдин телефонго жазылган үнү сунушталды. Өмүралиев ар кандай коркутуулардан улам ушундай жолго барганын билдирген.

- Эрлан Өмүралиев болгон сөзгө ишенбегиле, УКМК кызматкерлери басым жасап, болбосо көп кабаттуу үйдөн ыргытабыз деп, бирөөнүн сөзүн кайталатып айттырып, тартып алганын Садыр Жапаров менен телефондон сүйлөшкөндө айтыптыр. Экинчиден, Чоткараев баш болгон топ Өмүралиевдин атасы келсе аны да коркутуп, жумушуңду чечебиз, батир беребиз деп айтканын да тастыктап берди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы бул маалыматтарды четке кагып, коркутуп-үркүтүү болбогонун, тасма менен бирге Өмүралиевдин өзүнүн колу менен жазылган арызы бар экенин билдирүүдө. Ал ортодо УКМКнын төрага орун басары Дүйшөнбек Чоткараев Өмүралиевдин арызы азыр Ички иштер министрлиги менен биргеликте иликтенип жатканын кошумчалады:

- Он күн ичинде тергөө амалдары жыйынтык чыгарышы керек. Азыркы материалдар жетишсиз экен, ошонун негизинде кылмыш иши козголбоду деп прокуратурага бердик. Бирок Өмүралиевдин арызы ИИМ менен бирге каралып жатат, чогуу иштеп жатабыз. Анын негизинде да жыйынтык чыгат. Ошондуктан бизге бул маселени кийинчерек караганга убакыт бергиле деп сураганбыз.

Буга чейин оппозициянын планын ашкереледи делген тасма боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогону маалымдалган. Парламентте прокуратура өкүлү Өмүралиевдин арызы боюнча маалыматтар топтолуп жатканын, азырынча кылмыш иши козголо электигин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин мүчөлөрү бул талкуу боюнча өз пикирлерин ачыкка чыгарышкан жок. Комитет мүчөсү Курмантай Абдиев тек гана маселе жакын арада парламент талкуусуна алынып чыгаарын белгиледи:

-Талкууга коюлса, анан ал жерден бир чечим кабыл алынат. Өз оюбузду да ошол жерден айтабыз.

3-сентябрда Коомдук телеканал Эрланбек Өмүралиев аттуу жарандын оппозиция мүчөлөрү 8-10-сентябрь күндөрү өлкөдө башаламандык уюштурууну жана Нарын дарыясын цианид менен булгоону пландаганын айткан тасманы көрсөткөн.

Бул тасма коомчулукка “Юпи операциясы” деген ат менен тараган. Оппозиция өкүлдөрү тасмада айтылган сөздөр чындыкка дал келбесин айтып, аны бийликтин уюштурган чагымы деп сыпаттаган. Аты аталган баш каарман Эрланбек Өмүралиев бүгүнкү талкууга келген жок. Анын Бишкекте экени гана айтылды.

XS
SM
MD
LG