Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:26

Чуулгандуу тасманын чоо-жайы парламентте талкууланат


Мындай чечим дүйшөмбүдө Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинде кабыл алынды. Ага ылайык, чуулгандуу тасма боюнча маселе жакынкы күндөрү парламенттин пленардык жыйынында каралмакчы.

Жабык өткөн комитет жыйынында оппозициячыл саясатчылар Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Кубанычбек Кадыров жана Аликбек Жекшенкулов тергөө бир жактуу жүрүп жатканын белгилешти. Садыр Жапаровдун айтымында, тасмада оппозициянын пландарын ачыкка чыгарды делген Эрланбек Өмүралиев Улуттук коопсуздук комитетинин басымы алдында жалган маалымат таратканын моюнуна алган. Бирок УКМК өкүлдөрү мындай маалыматты четке кагып, тасма иликтенип жатканын маалымдашты.

3-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети оппозициянын өлкөдөгү абалды курчутуу планы делген тасманы тараткан. Анда Эрланбек Өмүралиев аттуу жаран оппозиция мүчөлөрү Аликбек Жекшенкулов, Кубанычбек Кадыров, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов 8-10-сентябрь күндөрү өлкөдө башаламандык уюштурууну жана Нарын дарыясына уулуу зат кошууну пландаганын айтып берген. Оппозиция өкүлдөрү тасмада айтылган сөздөр чындыкка дал келбесин, аны бийликтин уюштурган чагымы деп атаган болчу.(BkA\KE)

XS
SM
MD
LG