Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

Жалал-Абад: кутурган ит жаш баланы тиштеди


Жалал-Абад шаарында кутурган ит тиштеген беш жаштагы кыз ооруканада дарыланууда. Аны 18-сентябрь күнү калаанын Россвет көчөсүндө ит каап алган.

Ноокен райондор аралык диагностикалык борбору иттен кутурма оорусун аныктагандан соң, өлтүрүлүп, фитосанитардык эреже менен көмүлгөн. Ээси Кубаныч Салиев амбулатордук дарылануудан өтүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бүгүн кабарлашты.

19-сентбярь Сузак районунун Атабеков айылынын жашоочусу Марат Эралиевдин ити да кутурганы аныкталган. Ит тиштеген малга эмдөө жүрүп, ээси медициналык текшерүүдөн өтүүдө.

Аталган аймактарда жашоочулар арасында кутурмага каршы түшүндүрүү иштери башталды. (SE)

XS
SM
MD
LG