Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:22

АКШга кыргызстандык балдарды асыроо маселеси талкууланды


Кыргызстандык балдарды чет мамлекеттерге асыроо тартиби боюнча жаңы жобо иштелип чыгууда. Бул тууралуу бүгүн АКШ Мамлекеттик департаментинин балдар иштери боюнча атайын кеңешчиси, элчи Сьюзэн Жейкобс менен жолугушууда Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Жолугушуу Бишкекте өттү. Сьюзэн Жейкобс учурда АКШга асыралчу 14 баланын документтери даяр турганын, бирок былтыркы тыюу салуу боюнча чечимге байланыштуу асырап ала турган америкалык ата-энелер аларды үйүнө алып кете албай жатканын билдирди. Мурдагы министр Равшан Сабиров эл аралык бала асыроочу уюмдарды каттоо системасында коррупцияга жол берген деген айып менен соттолгондон кийин, былтыр июн айында бул ишке Кыргызстанда тыюу салынган болчу. Соңку үч жылда АКШга 9 кыргызстандык наристени асырап алып кетишкен. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG