Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Кыргыз-өзбек чек арасы: Аксыдагы антен талаш


Көзөмөл мунарасындагы кыргы чек арачысы. ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок)
Көзөмөл мунарасындагы кыргы чек арачысы. ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок)

26-сентябрда Аксы райондук акимчилигинин алдына чыккан 150дөн ашык тургун Үңкүр-Тоо аймагындагы телерадио сигналдарын таратуучу станцияга өзбек чек арачыларынын кирип келишине тынчсызданып, бул маселени тезинен чечүү талабын коюшту.

Нааразылыкка чыккан жарандар Үңкүр-Тоо аймагына кирип келген өзбек чек арачылардан аталган жерди бошотууну талап кылышты. Аксы райондук кеңешинин төрагасы Каныбек Бостонов акцияга чыккандардын өлкө жетекчилигине койгон талабы тууралуу “Азаттыкка” айтып берди:

- Чогулгандар бул маселени 1-октябрга чейин чечүүнү талап кылышты. Мындай талап менен президент, премьер-министр жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошту. Учурда биз да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, "тополоң кылбайлы, тынч туралы" деп чакырып жатабыз.

Үңкүр-Тоодогу кырдаал 26-сентябрда Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Депутат Курманбек Осмонов Аксы районунда кыргыз жана өзбек чек арачылары тирешип жатканы тууралуу маалымат түшкөнүн жар салды:

- Аксынын тургундары мага телефон чалып жатышат. Алар "бул райондогу телемунараны өзбек чек арачылары басып алып отурат, биздин чек арачылар менен тирешүү чыкчудай абал жаралып калды" дешти. Ошондуктан чыңалып турган кырдаалды жайгарууну өтүнөбүз деп улам телефон чалып жатышат.

“Станцияны өзбек чек арачылары басып алды, талкалап атат” деген маалыматтар чындыкка жатпайт.
Токон Мамытов
Бирок өкмөт өкүлдөрү депутаттын телемунараны коңшу өлкөнүн чек арачылары басып алды деген маалыматын четке кагып, кырдаал көзөмөлдө экенин билдиришти.

Вице-премьер-министр Токон Мамытовдун айтымында, “Кыргызтелеком” ишканасынын телерадио сигналдарды таратуучу станциясы Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы такталбаган аймакта жайгашкан. Мына ушул аймакка 20-сентябрда коңшу өлкөнүн чек арачылары кирип келген. Андан соң ал жерге кыргыз чек арачылары да киргизилип, кайтаруу күчөтүлдү:

- Өзбекстан тарап станция турган жерге вертолет менен келип, 15 чакты чек арачысын түшүрүп кеткен экен. Алар станцияда жашаган жарандарга келип, документтерин текшере башташкан. Анан биздин чек арачылар бул биздин аймак болгонун айткан соң станциядан чыгып кетишкен. Бирок такталбаган аймактарга эки постту орнотуп алышты. Биз да Чек ара кызматынын жетекчилигинин буйругуна ылайык, ал посттордун маңдайына өз постторубузду жайгаштырдык. Бирок “станцияны өзбек чек арачылары басып алды, талкалап атат” деген маалыматтар чындыкка жатпайт.

Мамытов талаш жараткан Үңкүр-Тоого байланыштуу өзбек тарап көптөн бери эле доомат артып жүргөнүн белгилеп, "бирок ал жерди Кыргызстан өзүнө таандык деп эсептеп келген", деди:

- Үңкүр-Тоодогу ошол участок боюнча коңшу мамлекет тараптан көп убактан бери эле “бул биздин жер, Өзбекстанга тиешелүү” дегендей терс ой-пикир айтылчу. Бирок “Кыргызстан муну өзүнүкү деп эсептейт” деп айтчубуз. Ага карабастан делимитация жана демаркация боюнча комиссия иштеп жатат.

Токон Мамытов бул маселе боюнча кыргыз жана өзбек Чек ара кызматтарынын башчылары кийинки апта башында жолугуп, талкууларын кошумчалады.

Кыргызстан менен Өзбекстандын 320 чакырымга жакын чек арасы тактала элек. Такталбагандыктан эки өлкө тургундары ортосунда ар кандай чыр-чатактар катталып турат. Быйыл жайда Аксы аймагында кыргыз чегин бузган деп өзбекстандык эки чек арачы кыргызстандык кесиптештеринин огунан каза болушкан.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG