Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

Кыргыз-өзбек чек ара башчылары жолукту


Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Достук” өткөрмө бекетинде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара башчылары жолукту. Бул тууралуу чек ара кызматынын басма сөз катчысы Сажира Чоколоева билдирди.

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Курманакун Матенов менен Өзбекстандын атайын кызматына караштуу чек ара кызматынын командачысы Рустам Эминжановдун жолугушуусунда көтөрүлгөн маселелер тууралуу азырынча толук маалыматтар айтыла элек.

Эки өлкөнүн ортосунда жайгашкан Үңкүр-Тоо жайлоосундагы Кыргызстанга тиешелүү телерадио сигналдарды таратуучу станцияга байланыштуу талаш 20-сентябрдан бери курч бойдон турат. Бүгүнкү жолугушууда тараптар негизинен ушул багытта сүйлөшүү жүргүзөөрү маалымдалган. (SE)

XS
SM
MD
LG