Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:07

Чүйдө жаш кызды зордуктаган жаран кармалды


Сокулук районунда жашы жете элек кызды зордуктады деп шектелген жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

28-сентябрь күнү Манас айылынын 16 жаштагы тургуну бейтааныш адам тарабынан күчкө салып зордукталган. Райондук милициянын кызматкерлери кылмышка шектүү катары 22 жаштагы мурда соттолгон жаранды камакка алган. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Коомдук активисттер соңку жылдары жашы жете электерди зордуктоо Кыргызстанда күчөп баратканын айтып келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG