Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:29

Балдарга арналган телеканал иштей баштады


Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиокорпорациясы (КТРК) бүгүнтөн тарта балдарга арналган “Баластан” телеканалын обого чыгара баштады.

КТРКнын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, азырынча канал “Долон ТВ”, “Ала ТВ”, “Зор” жана “Акнет ТВ” кабелдик каналдары аркылуу Чүй облусу менен Бишкек шаарына чыгат. Ал “Кыргызтелекомдун” социалдык жана санариптик баштыкчасы аркылуу тесттик түрдө Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусуна да көрсөтүлөт. Кыргызстан толугу менен санариптик берүүлөргө өткөн соң, 2015-жылдан тарта бүт өлкөгө жеткиликтүү болот. Балдарга арналган көрсөтүүлөр кыргыз жана орус тилдеринде даярдалат.

“Баластан” - Кыргызстандагы алгачкы балдар сыналгы каналы болуп эсептелет. Буга чейин Коомдук телерадиокорпорациянын базасында “БалдарFM” радиосу обого чыгып келген. (SE)

XS
SM
MD
LG