Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Ажылык сапарга акыркы топ эртең кетет


Ажылык зыяратка аттанган кыргызстандыктардын акыркы тобу 3-октябрда жөнөп кетет. Алар Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунан Сауд Арабиянын Жидда шаарына учушат. Акыркы топто 157 адам кетет. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз катчысы Назик Маманова "Азаттыкка" билдирди.

Быйыл ажылык сапар үчүн Сауд Арабия Кыргызстанга 3 685 орун бөлгөн. Бул жылдагыга караганда 900гө аз. Сауд Арабия муну Меке шаарында ири курулуш иштери жүрүп жаткандыктан, дүйнө боюнча ажылардын санын 20 пайызга кыскартканы менен түшүндүргөн. Ажылыктын быйылкы баасы муфтият тарабынан 2300 доллар деп чечилген.

Зыяратчыларды Ош жана Бишкектеги аэропортторунан “КыргызТрансАвиа” компаниясы ташууда. Артка 17-октябрдан тарта кайта башташат.

Ажылык амалдар Курман айт майрамы учурунда Сауд Арабиянын Меке жана Медина шаарларында аткарылат. Курман айт 15-октябрга белгиленген. (SE)

XS
SM
MD
LG