Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

АКШ: акчасыз өкмөттүн экинчи күнү


АКШ - Туристтер Эркиндик эстелигине кирүү жабылганы тууралуу жазууну карап турушат, 1-октябрь, 2013.
АКШ - Туристтер Эркиндик эстелигине кирүү жабылганы тууралуу жазууну карап турушат, 1-октябрь, 2013.

АКШда демократтар менен республикачылар улуттук бюджет боюнча бир пикирге дале келе элек.

1-октябрдан тарта АКШда бюджеттен каржылоо убактылуу токтотулган. Бул күн Америкада жаңы каржы жылынын башталышы. Каржылоонун токтошунун кесепети АКШнын бардык аймактарында дароо сезилди. Кечээ 800 миңдей кызматкер акы төлөнбөгөн өргүүгө чыккан.

Көптөгөн агенттиктер, улуттук музейлер жана эстеликтер, анын ичинде белгилүү Эркиндик эстелиги, Йеллоустоун Улуттук паркы да жабылды. Федералдык агенттиктердин жана институттардын жүз миңдеген кызматкерлери иши “өтө деле маанилүү” эмес деген негизде төлөнбөгөн өргүүгө кетирилди. Конгресстин мыйзам чыгаруучулары менен президенттин иши үчүн акы төлөнүп жатат.

Каржылоонун токтошу чет өлкөдө да билинди. Мисалы, АКШнын Европадагы аскерий мүрзөлөрү кирүүчүлөр үчүн жабылды.

АКШ лидерлери улуттук коопсуздукка жана коомдун саламаттыгына байланыштуу кызматтар иштей беришин айтышканы менен, Коргоо департаментинин он миңдеген жарандык кызматкерлери жумушка келбегиле деген буйрук алышкан.

Обама өкүлдөр палатасындагы республикачылдарды 17 жылда биринчи жолу кайталанып жаткан өкмөттү каржылоонун жарым-жартылай токтошуна күнөөлөп, алардын аракетин анын медициналык камсыздоого байланыштуу мыйзамына каршы “идеологиялык крестүүлөрдүн жүрүшү” деп жарыялады. Аталган мыйзам үч жыл мурун бекитилип, экинчи күнү иштей баштады.

Ак үйдө сүйлөп жатып, Барак Обама мындай деди:

- Мен республикачылардан америкалыктар көз каранды болгон кызматтардын ишин кайра баштап, мамлекеттик кызматкерлердин кайра ишке чыгышын баштап бергиле деп сурандым. Бул нерсе республикачылар алардын идеологиялык талаптарынан бүткүл экономика туткунда боло албастыгын түшүнгөндө гана мүмкүн.

Өкүлдөр палатасынын спикери, республикачылардын лидери Жон Боннэр Ак үйдүн турумун “чексиз эки жүздүү” деп атады:

- Алар (демократтар) арай көз чарай отуруп карама-каршылыктарды чечишип алалы деген сунушубузду четке кагышты. Баш мыйзам боюнча Конгресстин эки палатасы макул боло албаса, биз отуруп, талкуулап, маселени чечүүгө аракеттенишибиз керек. Ой, тобо-о! Алар жөн эле отуруп талкуулоодон качышууда. Биздин өлкөдө чоң көйгөйлөр бар. Бүгүн биздин өкмөттө чоң көйгөйлөр бар. Бир гана жол – биз америкалыктарды ойлоп, достук мамиледе отуруп талкуулап, бир макулдашууга келишибиз керек.

Бирок бул кырдаалда Обама жана демократтар упай топтоп жатышкандай. Эл арасында өткөрүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, америкалыктардын 72 пайызы каржылоонун токтошун саясий каршылашуунун жыйынтыгы деп эсептешип, ага каршы чыгышты. Колдогондордун пайызы 22ни гана түздү. Республикачыларды колдогондор 17 пайызга түшүп, демократтардын рейтинги 32, Обаманыкы 45 пайызды түздү.

Бюджет боюнча талаш акыркы мөөнөт - 17-октябрга чейин чечилүүгө тийиш.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG