Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Акыйкатчыны шайлоодогу чыр парламент комитетинде талкууланат


Акыйкатчы шайлоодогу чыр Жогорку Кеңештин регламент жана этика боюнча комитетинде каралат. Бул тууралуу аталган комитеттин төрайымы Айнура Алтыбаева билдирди. Анын айтымында, бул окуя комитеттин жакынкы күндөрүндөгү жыйынында каралат.

Парламенттин кечээги жыйынында акыйкатчыны шайлоо чыр менен коштолгон. Анда шайлоонун экинчи турундагы добуш берүүдө ашыкча бюллетендер колдонулганы белгилүү болгон. Бүгүн бир катар депутаттар бул окуя коомчулук алдында парламенттин кадыр-баркына доо кетиргенин айтып, териштирүүнү талап кылышкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG