Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

Украина: чек арада адам өзүн жардырды


Орус-украин Бачевск чек ара өткөрмө бекетинде Орусиядан келаткан автобусту токтотуп текшерип жаткан кезде жанкечти өзүн өзү жардырды. Унаада төрт жүргүнчүнү украин чек арачылары текшерип жаткан кезде, бешинчи жүргүнчү жашынып жаткан жеринен табылган. Ал жүргүнчү Орусиянын паспортун көрсөткөндө, паспорт аныкы эместиги аныкталган. Ошол заматтан кийин ал киши денесине тиркелген бомбаны жардырган. Кылмыш себептери жана окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

XS
SM
MD
LG