Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:13

Оштун борбордук базары көчүрүлөт


Ош шаарынын борборундагы базар 2014-жылдын аягына чейин шаардын батышындагы Жапалак айылына көчүрүлөрүн калаа башчысы Мелис Мырзакматов билдирди. Ал белгилүү базарга чет өлкөлүктөр келерин айтып, аны шаар четине көчүрүүгө болгон мүмкүнчүлүктү жасарын кошумчалады. “Анда шаардын бюджетине жылына 350 миллион сом түшөт, мындай каражатка бир мектеп курса болот. Айрым адамдардын басымына карабай, шаар бийликтери бул маселени чечүү үчүн аягына чейин чыгууга бел байлап жатат”, - деди Мырзакматов.

Базар үчүн бөлүнгөн жердин аянты – 30 гектар. Ал машина базарынын жанында жайгашкан.

XS
SM
MD
LG