Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:17

Орусия Литвадан сүт азыктарын сатып алууну токтотту


Бул чарага сүт азыктарынын сапатынын начаралап кеткени себеп болгонун Роспотребнадзор агенттиги маалымдады.

Бирок Орусиянын кадамы Евробиримдиктин учурдагы төрагасы - Литвага ноябрда Вильнюста болчу Биримдиктин саммити алдында жасалган кысым катары бааланууда. Бул жыйын алдында Орусия Украина менен Молдовага да соода кысымын күчөттү. Бул саммитте Евробиримдик береги эки өлкөгө ассоциациялык мүчөлүктү сунуш кылып, эркин соода келишимин түзөт деп мерчемделүүдө. Өткөн айда Орусиянын бажы кызматы Литванын товарларын текшерүүнү күчөткөндө расмий Вильнюс Москва бул кадамы менен 28 мүчөлүү Евробиримдик менен мамилесине доо кетирип алышы мүмкүн экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG