Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:40

Текебаев: Эртең парламент саясий чечим кабыл алат


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

- 7-октябрдагы Караколдогу митингдин негизги талабы Кумтөр боюнча тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү болчу. Бирок бул жакшы ниетти пайдаланып, өз кызыкчылыгын ишке ашыргысы келген саясий топтор болушу мүмкүн. Ошондуктан, бийлик өкүлү барымтага алынып, мыйзамсыз аракеттер ишке ашты,-деди "Ата Мекендин" лидери.

Текебаев билдиргендей, мыйзасыз аракеттерге баргандардын баары жазаланышы зарыл. Ал эми өкмөт менен парламент Кумтөр маселесин тез чечүүгө аракет кылышы керек. Бул үчүн парламент шаршембиде Кумтөр маселесин карап, өзүнүн саясий чечимин кабыл алышы керектигин, өкмөт болсо муну тезинен аткарууга тийиш экенин кошумчалады. BkA

XS
SM
MD
LG