Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

ЖК Кумтөр боюнча өкмөт меморандумун кароону улантат


Парламентте кечээ башталган талкуу бүтпөй калганына байланыштуу бүгүнкү отурумда Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча канадалык “Центерра” компаниясы менен биргелешкен ишкана түзүү тууралуу кыргыз өкмөтүнүн меморандуму жөнүндө депутаттар өкмөт мүчөлөрүнө суроо берүүнү улантышат. Ошондой эле кечээки жыйын жүрүшүндө добуш берүүгө сунушталган эки токтомдун долбоору каралары да күтүлүүдө. Биринчиси - Жогорку Кеңештеги Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети иштеп чыккан өкмөттү отставкага кетирүү чечими. Аталган комитет шейшембиде Кумтөр маселесинде алсыздык кылганы үчүн өкмөттү кызматтан кетирүү талабын коюу тууралуу чечим кабыл алган. Экинчиси - Кумтөр боюнча келишимди денонсациялоо тууралуу “Ата-Журт” фракциясы сунуштаган токтом.

Кыргыз өкмөтү канадалык инвестор "Центерра" менен меморандум кабыл алып, Кумтөрдү мындан ары иштетүү үчүн 50/50 үлүштөгү жаңы биргелешкен ишкана түзүүнү жана түшкөн кирешенин үстүнөн көзөмөлдү өз колуна алууну көздөөдө. Азырынча кыргыз тарап 30 гана пайыз үлүшкө ээ жана кирешеге көзөмөл укугу жок. Парламент кен иштетүүдөгү Кыргызстандын үлүшүн мурунку 67% чыгарууну талап кылууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG