Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

Текебаев Рысалиевдин айыптоосун четке какты


«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиевдин апрел окуясындагы талап-тоноочулук боюнча билдирүүсүн четке какты. Анын айтымында, "Рысалиев талап-тоноочулук боюнча иште атамекенчи депутаттардын катышын далилдей албай, жоопкерчиликтен кутулуу үчүн жан далбастап акыркы аракет кылууда". Текебаев Рысалиев жалган жалаа жапканы үчүн сот алдында жооп берээрин эскертип, жыйынтыгында “Ата Мекендин” депутаттары ак экени далилденээрин билдирди.

Буга чейин Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев Баш прокуратурага кайрылып, парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын төрт депутаты - Өмүрбек Текебаев, Райкан Төлөгөнов, Туратбек Мадылбеков жана Болот Шердин депутаттык кол тийбестигин алып салуу өтүнүчүн келтиргенин жарыялаган. Анда Рысалиев аталган төрт депутаттын апрел окуясы учурунда талап-тоноочулукка тиешеси бар экени аныкталганын жана Жогорку Кеңеш аларды кол тийбестигинен ажыратса, жоопкө тартылаарын билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG