Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Уюшкан кылмыштуулукка күрөштү күчөтүү боюнча топ түзүлдү


Кыргыз өкмөтү уюшкан кылмыштуулукка күрөштү күчөтүү боюнча жумушчу топ түздү. Мекемелелер аралык топтун курамына ИИМ, УКМК, Бажы кызматы, Маңзатты жүгүртүүгө каршы агенттик, Коргоо министрлиги, Салык кызматы баш болгон күч органдарынын өкүлдөрү мүчө болуп кирди. Аталган топтун жетекчиси, Ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, жумушчу топ учурда өз ишин баштады. Алар уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн чараларын күчөтүү, бул багыттагы мыйзамдык базаны өнүктүрүү боюнча иш алып бармакчы.

Буга чейин премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев күч органдарынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүн сынга алган. Ал кылмыш дүйнөсүнө жарыяланган күрөштүн жыйынтыгы сезилбей, уюшкан топтордун мүчөлөрү саясий системага кийлигишип жатканын айтып, күч органдарына күрөштү күчөтүүгө эки ай мөөнөт чектеген.(BkA)

XS
SM
MD
LG