Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:13

Сноуден: жашыруун документтер чет өлкөгө берилген жок


Америкалык чалгындоо мекемесинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Улуттук Коопсуздук агенттигинин бир да документи Орусия жана Кытайдын колуна тийбегенин билдирди.

The New York Times басылмасына берген интервьюда ушу тапта Москвада жашап жаткан Сноуден Орусияга учаар алдында документтердин бардыгын Гонконгдогу журналисттерге бергенин айтты. Анын ырастоосунда, жашыруун кагаздардын кытайлык агенттердин колуна түшүнүн алдын алууга жетишкен. Андыктан АКШга таандык купуя маалыматтарга Орусия же Кытай ээ болду деген мүмкүнчүлүк нөлгө барабар, - деди Сноуден. Ал АКШнын көзөмөл программасын шардана кылгандан кийин Орусияда убактылуу башпаанек алган. Мекенинде ага тыңчылык боюнча айып тагылган.

XS
SM
MD
LG