Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

ГЭСтер жазында курула баштайт


Жогорку Нарында ГЭСтердин курулушу келаткан жазда башталат. 18-октябрда президент Алмазбек Атамбаев убактылуу жашоочу шаарча менен таанышты.

Быйыл 400 адам жашай турган жатакана, административдик имарат жана бетон даярдоочу завод курулуп бүттү. Жергиликтүү тургундар курулушта баары ачык-айкын болсун деген ойлорун билдиришти.

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев курулушчулар убактылуу жашоочу шаарча менен таанышуу учурунда үйлөр сапаттуу курулуп, кийин ГЭСтер салынып бүткөн соң жергиликтүү калкка турак-жай катары берилиши керектигин айтты.

Куруучулар жана жергиликтүү тургундар менен да жолугуп, ар кандай имиш кеп тарап жатканын, бирок эмне кептер экенин ачык айткан жок.

- Бардык шарты бар экен. Ошон үчүн жылуу салгыла. Муну бузбайбыз. Буйруса 7-10 жыл курулуш болот. Төрт ГЭС эмес, алтыны салсакпы деп ойлоп жатабыз. Курулуш бүтсө, жаркыраган шаар калса дейм. Мектеп да салынса. Бирок суранаарым, уят кылбагылачы. Эми ары жагын айтпай эле койсом.

Орток айылынын депутаты Аятбүбү Касымалиева ГЭСтердин курулуш иштеринде элге маалымат ачык берилсе дейт. Анын айтымында, ар кандай кептер элде так маалымат жоктугунан болуп жатат.

- Ушул курулуп жаткан ГЭСтер бизге абдан жакшы болгон жатат. Бирок орто жолдон ар кандай паракордук иштер болбой, ачык-айкын, таза иштер жүрсө дейт элек.

Дагы бир жергиликтүү тургун Алмазбек Чарыков тендерге жергиликтүү фирмалар катыша албай жатканын, курулушчулардын айлык акысы жана башка ушул сыяктуу курулуштагы бир нече маселени белгилеп кетти:

- Таш, топо, кум алчу жерлерди өкмөт чечиш керек экен. Бирок алар чечкен жок, азыр каалаган жерден алып жатышат. Чынын айтканда өкмөт жакшы иштебей жатат. Жергиликтүү элди алдап жатышат. Айлык акы, кызматкерлердин жашоо-шарты боюнча көп көйгөйлөр бар. Нарында фирмалар бар, бул жактагы иштерди кыла алчу, бирок аларга берилген жок. Мына паракорчулук бул жакта жатат.

Ал эми курулуш иштерине жетекчилик кылган Данияр Мусакеев мындай дооматтарга кошулбайт.

- Жумушка алуу, иш берүүлөр ачык-айкын. Коррупция бар дегенге кошулбайм. Иштер болсо шыр эле кетип жатат. Мына, 2 айда шаарча салдык. Турсак мындай болбойт эле да.

Башында айыл эли жапа тырмак курулушту колдоп турса, азыр курулуштагы иштер шыр жүрбөй жатат деген кептер чыга баштады. Өкмөттүн облустагы өкүлү Канатбек Муратбеков ар кандай сөздөрдүн чыгып жатышын мындайча божомолдойт:

- Эми мындай сөздөрдү жумушка кире албай жүргөндөр же бир пайда таап калайын дегендер, иши кылып кызыкчылыгы барлар чыгарып жатса керек. Мындай болбош керек, бул чоң эл аралык долбоор.

Ушул жылы 400 адамга ылайыктуу шаарча жана анын жолдору, таза суу, электр чордону бетон заводу аяктайт. Келерки жылдан баштап ГЭСтердин курулушу башталат. Азыр 10 миллион долларынын жумушу бүткөрүлүп жатат. Курулушта 200дөй адам иштесе, анын 100гө чукулу жергиликтүүлөр. Айлык маянасы иштегенге жараша, орто эсеп менен 10-15 миң сом.

Нарын дарыясына Орусия менен биргеликте Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге былтыр кол коюлган. Орусия тараптан каскадды куруудагы Кыргызстандын өнөктөшү “Русгидро” ишканасы ГЭСтердин курулушу 5 - 6 жылга созулуп, алгачкы гидроагрегат 2016-жылы ишке кирерин маалымдаган. ГЭСтер курулуп бүтсө Нарын, Ысык-Көл облустарын электр жарыгы менен камсыз кылат.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG