Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

Кабулдун жанындагы комплекске чабуул болду


Ооган полициясы Кабулдун чет жагында жайгашкан комплекске кол салуу болгонун маалымдады. Адегенде жүздөгөн чет өлкөлүктөр жашаган комплекстин кире беришинде дүрмөттөлгөн машина жарылган. Күбөлөрдүн айтымында, андан кийин аткылашуу угулган. Жабыркагандардын саны боюнча азырынча маалыматтар түшө элек.

Катуу кайтарылган комплексте контракт менен иштеген чет өлкөлүктөр, дипломаттар жана БУУнун кызматкерлери жашайт. Өткөн жылдын майында болгон чабуулда ал жерде жергиликтүү бир нече күзөтчү окко учкан. Бүгүн эле Германия Кабулдагы элчилигин жапканын жарыялаган. Бирок расмий булактар немистердин чалгындоо кызматы талиб согушкерлеринин чабуулу тууралуу эскертишкен деген маалымат каражаттарынын кабарларын комментариялоодон баш тартышты.

XS
SM
MD
LG