Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Sky Bishkek жүргүнчүлөрдөн кечирим сурады


Sky Bishkek авиакомпаниясынын жетекчилиги өткөн жумада ички каттамдарды аткаруудагы кечигүүлөр үчүн жүргүнчүлөрдөн кечирим сурады.

Аталган компаниянын Бишкек-Ош-Бишкек, Бишкек-Исфана каттамдары өткөн жума соңунда айтылган убакыттан кеч учкан. Кечигүү себептери так айтылбаганы жүргүнчүлөр арасында нааразылык жаратканы социалдык тармактарда кызуу талкуулана баштаган.

Бул боюнча компания жетекчиси Жумабек Абдуллаев “Азаттыкка” комментарий берип, жүргүнчүлөрдөн кечирим сурады:

- Исфанада свет жок болгондуктан, биз кечигип калдык. Ош-Бишкек каттамын жүргүнчүлөр көбөйүп, башка авиакомпаниялардан ашып калган учурда гана аткарабыз. Андай учурда убакыт чукул белгиленгендиктен, кечигүүлөр болуп калууда. Бул үчүн жарандарыбыздан кечирим сурайбыз, - деди Абдуллаев.

Sky Bishkek компаниясынын карамагында 2 учак бар. Негизинен ички каттамдарды аткарат. Бишкек-Нарын, Жалал-Абад - Кербен каттамдарына учуп, аэропорттогу конуучу тилке талапка жооп бербейт деп токтоп калган. (SE)

XS
SM
MD
LG