Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:39

Саакашвили Брюсселге сүйлөшүүгө келди


Келерки айда Вильнюста Чыгыш өнөктөштүгүнүн саммити өтөт. Ал жерде Грузия Евробиримдик менен Ассоциация жана Эркин соода жүргүзүү келишимине жетишкенге аракет кылууда. Бүгүн Саакашвили Брюсселде биримдиктин лидерлери менен сүйлөшүүнүн алдынан ошол документ анын президенттигинин “акыркы жана символикалуу актысы” болуп калат деп сыпаттады.

Грузияда жекшембиде өткөн президенттик шайлоодо “Грузин кыялы” башкаруучу коалициясынын талапкери Георгий Маргвелашвили 62 пайыздан ашуун добуш менен жеңгени анык эле болуп калды. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары шайлоону “ачык жана акыйкат өттү” деп таанышкан.

XS
SM
MD
LG