Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Тажикстан Орусиядан поездге жасалган чабуулду иликтөөнү талап кылды


“Тажик темир жолдору” мамлекетик ишканасы өткөн дем алыш күндөрү Орусияда өзүнүн эки поездине жасалган чабуулду айыптай турганын билдирди. Компаниянын өкүлү Махмадюсуф Абдурахмонов “Азаттыктын” тажик редакциясына сүйлөп, бүгүн “Орус темир жолдору” ишканасынын жетекчилигине окуяны кылдат иликтөө жана жапа тарткандарга компенсация төлөп берүү талабы жазылган кат жолдонгонун кабарлады.

Тажикстандын Москвадагы элчилиги кабарлагандай, Москва-Дүйшөмбү каттамындагы эки поезд ортодогу станциялардын биринде токтогондо белгисиз адамдардын тобу чабуул жасашкан. Андан бир нече адам жаракат алып, айрым вагондор да жабыркаганы айтылат. Орусияда ашкере улутчул жаштардын азиялыктарга чабуулдары акыркы апталарда Бирюлеводогу адам өлтүрүүдөн кийин кайра күчөгөн. Ал жерде орус жигитти кавказдык киши өлтүргөн деп шектеп жатышат.

XS
SM
MD
LG