Пакистанда уруулар ортосундагы кастыкты басыш үчүн бойго жете элек эки кыздын эрге берилишине катыштыгы бар үч киши камалды. Окуя түндүк-батыштагы Хайбер-Пахтункхва провинциясында болгон. Жергиликтүү полициядан “Азаттыкка” бүгүн билдиришкендей, камалган кишилер баары Морагай деген айылдан болушат жана кыздарды эки тараптын кастыгын басыш үчүн кун катары алмашкан деп айыпталып жатышат. Камалгандардын экөө 5 жана 13 жаштагы ал кыздарга үйлөнүшкөн.
Пакистанда үй-бүлөлөр, уруулар ортосундагы конфликттерди чечүүдө дале “свара” деген салт колдонулуп жүрөт. “Свараны” колдонууга өлкөдө тыюу салынган.
Пакистанда үй-бүлөлөр, уруулар ортосундагы конфликттерди чечүүдө дале “свара” деген салт колдонулуп жүрөт. “Свараны” колдонууга өлкөдө тыюу салынган.