Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:00

АКШ Пакистандын талиб лидеринин өлүмү боюнча дооматын четке какты


АКШнын аба соккусунан мерт болгон Хакимулла Мехсуд.
АКШнын аба соккусунан мерт болгон Хакимулла Мехсуд.
Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө “согушкерлер менен сүйлөшүү Пакистандын ички иши” экендиги, “экстремисттер тараптан келген кыянатчылыктарды токтотуу боюнча эки өлкө ортосунда стратегиялык кызыкчылыктар” бардыгы айтылат.

Кечээ Пакистан тарап жергиликтүү талибдердин жолбашчысы Хакимулла Мехсуддун өлтүрүлүшүн айыптап, ички иштер министри Чаудри Нисар муну “тынчтык жараянын өлтүргөндүк”, ага “кол салгандык” катары мүнөздөгөн. Пакистандык министр ага катар өкмөттүн чукул жыйынында АКШ менен кызматташтыктын “бардык аспектилери” кайра караларын кошумчалаган.

Пакистандык талибдердин же “Техрик-е-Талибан Пакистан” кыймылынын лидери Хакимулла Мехсуд башка төрт киши менен бирге АКШнын учкучсуз башкаруудагы учагынын жума күнү соккусунан каза тапкан. Аба соккусу пакистандык талибдердин таяныч бекети деп саналган Түндүк Вазирстан чөлкөмүндө жасалган.(UE)

XS
SM
MD
LG