Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Германияда II Дүйнөлүк согушта тонолгон сүрөттөр табылды


Дүйнөлүк сүрөт чеберлери Пабло Пикассо менен Анри Матисстин эмгектери баш болгон бир жарым миңдей картина Мюнхендеги батирлердин биринен табылган. Fokus жумалыгы сүрөттөрдүн баасын 1 млрд. еврого баалады. Батир сүрөттөрдү 1930-жылдардан тарта сатып алып, чогултуп жүргөн коллекционердин уулуна таандык болуп чыкты. Коллекцияда ошондой эле 20-кылымдагы белгилүү немец сүрөтчүлөрү Эмиль Нолд, Франц Марк, Макс Бекман жана Макс Либермандын да кыл калеминен жаралган эмгектер бар. II дүйнөлүк согуш учурунда улутчулдар Германиядагы жана жалпы Европадагы көркөм өнөр шедеврлерин тоноп алышкан.

XS
SM
MD
LG