5-10-ноябрда Бишкекте өтүүчү мода жумалыгында Ош облусунан жаш модельер-дизайнерлердин коллекциялары көрсөтүлөт. Маалыматка ылайык, коллекциялар Ош шаарында август айында жүргүзүлгөн тренингдин негизинде тандалып алынган. Мода жумалыгынын катышуучулары бул жолу мода ышкыбоздоруна өздөрүнүн эмгектерин тартуулап гана тим болбой, Бишкектеги фэшн-дизайнерлер ассоциациясынын студиясына барып таанышат. Андан тышкары Кыргызстандын жеңил өнөр жай тармагы, кийим тигүүгө зарыл буюм-тайымдар сатылуучу соода борборлоруна барышат.
Бул күзгү мода жумалыгы жергиликтүү жеңил өнөр жай тармагын колдоо максатында Германиянын эл аралык кызматташтык коомчулугунун колдоосу алдында уюштурулууда.
2010-жылы Кыргызстандын “Жеңил өнөр жай ассоциациясы” Ош жана Жалал-Абад шаарларында филиалын ачып, алтымыштан ашуун ишкананын башын бириктирген.(ZKo)