Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:48

Алматы 2022-жылы кышкы олимпиаданы өткөрүүгө ынтызар


Кышкы олимпиада оюндарын өткөрүүгө талапкерлигин Пекин, Львов, Осло шаарлары көрсөтүштү. Ошондой эле Польша менен Словакия 2022-жылы кышкы олимпиада оюндарын чогуу өткөрүүгө уруксат берүүсүн өтүнүп, Эл аралык олимпиада комитетине кайрылган. Маалыматка ылайык, булар Польшанын Краков шаарында уюштуруу иштери, ал эми Словакиянын Ясна шаарында мелдештер өткөрүлөрүн билдиришкен. Талапкер шаарлардын катарын жекшембидеги Референдумдан кийин Германиянын Мюнхен шаары да толуктап калуусу ыктымал.

Эл аралык олимпиада комитети 2022-жылкы кышкы олимпиада оюндарын өткөрүүчү шаарды 2015-жылы 31-июлда аныктайт.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG