Тамак-аш, дары-дармек жана башка зарылчылык буюмдардан турган гуманитардык жардамды Жорж Вашингтон атындагы кеме жеткирмекчи. Маалыматтарга караганда, жаратылыш кырсыгынан 10 миңден көп киши каза тапкан болушу мүмкүн. БУУнун билдиргенине караганда, "Хайян" тайфунунан 9 жарым миллиондой киши жабыркады. Бул аймакта тарыхта болуп көрбөгөн катуу шамал түштүк-чыгыш Азияга жума күнү жеткен. Океан толкундары 6 метрге чейин көтөрүлүп, бир топ турак-жайлар суу астында калды.