Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Филиппинде сегиз кишини дубал басып калды


“Хайян” тайфунунан жабыркаган Лейте провинциясында 13-ноябрда күрүч кампасынын дубалы сүрмө топтун күчүнөн улам кулап кеткен. Натыйжада сегиз киши урандыда калып өлгөн, топ кайтаруучуларды сүрүп өтүп, кампадагы 100 миңден ашуун каптагы күрүчтү талап кетишкендигин мамлекеттик азык-түлүк башкармалыгынын өкүлү Рекс Эстоперез билдирди.

“Хайян” тайфунунан жабыркаган Филиппинде миңдеген адамдар үй-жайсыз, тамак-ашсыз калышты. Тайфундан өлгөндөрдүн расмий саны 2 275 киши деп айтылууда.

XS
SM
MD
LG