Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Олланд Иранга төрт талап койду


Франциянын президенти Франсуа Олланд Ирандын өзөктүк программасы боюнча төрт талабы бар экенин айтып чыкты. Ага ылайык, Иран бийликтери өзөктүк жайларды эл аралык көзөмөлгө бериши керек. Экинчиден, уран байытуунун көлөмүн 20 пайызга чейин азайтышы зарыл. Үчүнчүдөн, байытылган урандын корун 20 пайызга чейин кыскартышы керек. Соңку талап катары Олланд Тегеранды Арактагы ядролук реактордун курулушун токтотууну атады.

Бул талаптарды Олланд Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен бирге Иерусалимде уюштурулган маалымат жыйында билдирди. Олланд Израилге үч күндүк сапар менен жекшембиде келген. Ирандын өзөктүк программасы жөнүндө сүйлөп жатып Израил премьер-министри Нетаньяху Иранга карата санкцияларды күчөтүү үзүрлүү жыйынтык алып келет деп эскертти.

Олландын сапары өзөктүк программа тууралуу Ирандын алтылык менен кийинки аптадагы сүйлөшүүлөрүнүн алдына туш келди. Дүйнөнүн алты ири мамлекети менен Иран келерки аптада кайрадан Женевага чогулуп, Тегерандын тынчсыздануу жаратып жаткан ядролук программасын талкуулашмакчы.

XS
SM
MD
LG