Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:52

Бишкекте хоккей чемпионаты башталды


Бишкектеги шаардык муз айдыңында шайба хоккейи боюнча өлкө чемпионатынын биринчи этабы 21-ноябрда башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов маалымдады.

Чемпионатта Нарындын “Ала-Тоо- Дордой”, Токмоктун Bulls KG, Бишкектин “Хан-Тенгри” жана “Локомотив” командалары мөрөй талашууда.

Кыргызстанда хоккей чемпионаты үч жылдан бери өткөрүлөт. Быйылкы оюндардын биринчи туру 25-ноябрда жыйынтыкталат. Экинчи туру декабрда болот. (КМа)

 

XS
SM
MD
LG