Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:15

Өз жанын кыйган адамдын сөөгү Кыргызстанга жеткирилет


Бул тууралуу “Замандаш” ассоциациясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 23-ноябрь күнү кечинде Екатеринбургдагы парктардын биринде белгисиз адам өзүнө бензин чачып өрт койгон. Ал алган күйүктөн улам каза болгон.

Орусиянын тергөө комитетинин билдиришинче, каза болгон адам 25 жаштагы Оштун Кара-Суу районунун тургуну болуп чыкты. Ал акыркы жылдары Екатеринбургда иштеп жүргөн. Анын эмне себептен өз жанын кыйганы белгисиз. Учурда соттук-медициналык экспертиза өткөрүлүп  өлүмүнүн себеби аныкталууда. Маркумдун сөөгү бүгүн мекенине жөнөтүлгөн жатат.(BkA)

 

XS
SM
MD
LG