Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

Эсеп палатасынын кызматкери пара менен кармалды


Эсеп палатасынын дагы бир кызматкери курулуш фирмасынын жетекчисинен 47 миң сом пара алып жаткан учурда кармалды. 23-ноябрда колго түшкөн жаран учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында. Ал Бишкек шаарын, Чүй жана Талас облустарын тейлөөчү инспектор болуп иштейт. Бул тууралуу УКМКнын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн кабарлашты.

Инспектор Ысык-Ата районунун Жер-Казар айылындагы бала бакчаны ремонттоо үчүн өткөрүлгөн тендерге байланыштуу пара алганы айтылууда. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бул боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзүп жатат.

Өткөн жумада Эсеп палатасынын эки жооптуу кызматкери да ири суммада пара алып жаткан учурда кармалган болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG