Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

Киевде европачылдардын акциясы уланууда


Киевдин борбордук аянтында Евробиримдик менен интеграцияны жактагандардын демонстрациясы уланууда. Алар президент Виктор Януковичти Биримдик менен саясый жана соода келишимин түзүүгө чакырышууда. Демонстранттар аянтта түнү бою ырдап, от жагып жылынып отурушту. Оппозициядагы Реформа үчүн Украина демократиячыл альянсынын лидери Виталий Кличко кечээ митингде сүйлөп:
"Бул адамдар коркушпайт. Алар жөн эле отурушпастан, өз жарандык позициясын көргөзүшүүдө. Алар өз келечеги үчүн күрөшкөнгө даяр, бул адамдар жеңе алат! Ошон үчүн биз, Украина Европага таандык деп ырастай алабыз. Жашасын Украина!”- деди.

Соңку эки күндө протестчилер полиция менен кагылышты. Абакта отурган экс-премьер-министр Юлия Тимошенко кечээ дүйшөмбү күнү демонстранттар менен тилектештик ирети ачкачылык жарыялады. Кечээ Янукович жакында узун телеинтервью берип, Евробиримдикке байланыштуу бардык суроолорго жооп берерин айтты.

XS
SM
MD
LG