Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Жылдызкан Жолдошова ЖККУнун грамотасын алды


Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин жамааттык коопсуздугун бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Жылдызкан Жолдошова уюмдун парламенттик ассамблеясынын Ардак грамотасын алды.

Ардак грамотаны депутатка Орусия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Дума төрагасы Сергей Нарышкин 28-ноябрда Санкт–Петербург шаарында тапшырды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, Жолдошова Санкт-Петербургга ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын жыйынына барган.

Жылдызкан Жолдошова “Ата-Журт” фракциясынын депутаты. (SE)

XS
SM
MD
LG