Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:50

Иса Өмүркулов Башкы прокуратурага сурак берди


Бишкек шаарынын мэрине карата козголгон кылмыш иши боюнча Башкы прокуратура 2-декабрь күнү кечинде Иса Өмүркуловду суракка алды. Андан мурунураак Өмүркулов “Азаттыкка” курган маегинде өзүнө карата козголгон кылмыш иши негизсиз экенин, борбор калаанын бир метр жерин да сатпаганын айткан эле.

2-декабрь күнү Башкы прокуратура Бишкек шаар мэри Иса Өмүркуловдун үстүнөн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, жер тууралуу мыйзамды бузган деген айып менен кылмыш ишин козгогон.

Башкы прокуратуранын өкүлү Улукбек Султановдун журналисттерге билдиргенине караганда, бул иш боюнча дагы бир катар чиновниктерге кылмыш иши козголду. Анткени текшерүүнүн натыйжасында Бишкек мэриясынын кызматкерлери жана “Бишкекбашкыархитектура” ишканасы шаардын түштүк жагындагы “Жеңиш” паркынын жерин мыйзамсыз түрдө жеке адамдарга узак мөөнөткө ижарага бергени аныкталган. Алардын ичинен учурда “Ала-Тоо” рестораны курулган жер Иса Өмүркуловдун колу менен берилгенин белгилейт Башкы прокуратура.(ZKo)

XS
SM
MD
LG