Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Атамбаев: Менден кынтык таба албай, Кумтөргө асылып жатышат


"Менден кынтык таба албай, Кумтөргө асылып жатышат", - деди бүгүн журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып президент Алмазбек Атамбаев. Мамлекет башчы азыр "Эл!" деп кыйкырып жүргөн саясатчылар Кыргызстандын "Кумтөр" ишканасындагы үлүшү 17 процентке түшкөн 2003-2009-жылдары өзүлөрү депутат, министр болуп иштеп, бийликте тургандарын айтты:

- "Кумтөрдү" улутташтырууга эч качан кеч эмес, бирок кийин эмне болоорун ойлошубуз керек. Өкмөт азыр жакшы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Жыйынтыгын күтөлү, - деди Атамбаев.

Быйыл октябр айында өкмөт Кумтөрдү иштеткен канадалык инвестор менен компаниянын үлүшүн 50/50 деп сүйлөшкөн. Бирок парламент өкмөткө Кумтөр боюнча келишимдерден бир тараптуу чыгууну жана Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүүнү тапшырган. Ага чейин азыркы бийликтин Кумтөрго байланыштуу саясатын сынга алган түрдүү нааразылык акциялар өткөн. (UEz/RK)

XS
SM
MD
LG