Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:18

Баткен: “Достуктун” тургундары жол жабылганына нааразы


Тажикстандын Исфара-Чорку жолунун боюна жайгашкан кыргызстандык айыл аталган жолдун жабылышынан улам соода-сатык, турмуш-тиричилиги оорлогонун айтып, жолдун ачылуусуна көмөктөшүүсүн өтүнүп, 3-декабрда облустук бийликке кайрылышты.

Аларды кыргыз өкмөтүнүн облустагы өкүлү Жеңиш Разаков кабыл алып, маселени чечүүгө аракет кыларын билдирди. Өкмөттүн өкүлү “Достук” айылынын тоо тараптан Кыргызстан менен байланышуучу жолунун акыбалын жеринен көрүп, унаа жүрүүгө ылайыкташтырып оңдоо мүмкүнчүлүгүн кароону тиешелүү жетекчилерге тапшырды. 4-декабрда алар “Достук” айылынын тургундары менен кошо Достук –Кызыл-Бел жолунун абалы менен таанышмакчы.

Кыргызстанга таандык “Достук” айылы жайгашкан Исфара-Чорку жолун тажик бийлиги Тажикстандагы президенттик шайлоого карата 25-августта убактылуу жапкан, бирок жол эмгиче ачыла элек.

Баткен облусу бир тарабынан Тажикстан, бир тарабынан Өзбекстан менен чектешет. Облус аймагында Тажикстандын бир, Өзбекстандын эки анклавы бар. Үстүбүздөгү жылы облуста чек ара маселелери боюнча 24 чыр-чатак катталган.(JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG