Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

"Кумтөр" соту башталды


Кумтөр, 31-май, 2011-жыл
Кумтөр, 31-май, 2011-жыл

Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги “Кумтөр” компаниясын сотко берди.

Аталган агенттик канадалык компаниядан экологиялык чыгымдар үчүн 15 миллиард сом доолап жатат. Бирок “Кумтөр” дооматты негизсиз деп эсептейт. Айрым эксперттер экологиялык зыяндын көлөмү алда канча чоң экенин, Кыргызстан эл аралык сотко кайрылса утуп алаарын айтып келишет.

Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги “Кумтөр” компаниясына экологиялык чыгымдарды мыйзам чегинде төлөгөн эмес деген доо коюп жатат.

Аталган агенттиктин жетекчи орун басары Абдыкалык Рустамовдун “Азаттыкка” билдиришинче, 2009-жылга чейин кен иштеткен канадалык компания чыгымдарды мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте эсептеп берген эмес. Ушул жылдын февраль айында соттошпой туруп эле чыгымды өндүрүү сунушуна “Кумтөр” жооп берген эмес:

Кумтөр кени, 23-февраль, 2013-жыл
Кумтөр кени, 23-февраль, 2013-жыл
- Ал жерде экологиялык чыгымдын орду деген эч кандай төлөмдөр болгон эмес. Мониторинг жүргүзүү үчүн, грант жана башка деп эле жазышып, суммаларды төлөп жүрүшкөн. Бирок ал суммалар биздин эсепке дал келген жок. Оозеки да, жазуу түрүндө биз аларга дооматыбызды айтып жаттык. Мыйзамдарды билет, өз эрки менен төлөп берет деп күткөнбүз, бирок жооп болбогондуктан сотко кайрылганга аргасыз болдук.

Экологиялык чыгым үчүн 310 миң доллар төлөм болот деген жобо 2009-жылдагы келишимге киргизилген. Абдыкалык Рустамов бул сумма кандайча эсептелгени белгисиз экенин айтууда:

- Жөн эле 310 миң доллар деп турат. Конкреттүү түрдө негиздемеси, же дагы башка нерсеси жок экен. Биз 2003-жылдагынын баарын карап чыктык. “Айлана чөйрөнү коргоо тууралуу” мыйзамдагы жобого ылайык, биз 310 миң доллар болобу, же кандай деп карап, санап чыктык. Анын айырмасы 15 миллиарддан ашык сом болду. Келишимде “Кумтөр Оперейтинг компани” айлана чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдарды сактайт деп жазылган. Ошондуктан биз сотко бердик. Биздин мыйзамдарда экологияга келген чыгымдарды төлөйт деп жазылган.

“Кумтөр” компаниясынын маалымат кызматынын өкүлү Эрмек Козубеков агенттиктин дооматын негизсиз деп атады жана "кайрылууларга жооп болгон эмес" деген дооматты четке какты:

- 15 миллиард сом деген доомат бул эски доомат. “Кумтөр” компаниясы февраль айында эле агенттикке кеңири жоопторду жөнөткөн. Алар февраль айынан бери эч нерсе деп айткан эмес. Азыр болсо сотко берди деп угуп жатабыз. Компания алардын дооматына макул эмес. “Кумтөр” буга чейин Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иштеп келген жана иштеп жатат.

Кумтөр кени, 9-октябрь, 2012-жыл
Кумтөр кени, 9-октябрь, 2012-жыл
“Кумтөр” компаниясын экологиялык зыян боюнча Жашылдар партиясы ушул жылдын 1-ноябрында сотко берген. Бирок азырынча сот бул ишти карары же карабасы белгисиз. Аталган партиянын мүчөсү Динара Кутманова Кумтөр боюнча түзүлгөн депутаттык да, өкмөттүк да комиссиянын ишине эксперт катары катышкан. Анын айтымында, эки комиссиянын тыянагында тең экологиялык зыяндын көлөмү алда канча аз жазылган. Алар “Кумтөр” 450 миллиард долларга жакын чыгым келтирген деп эсептешет:

- Таштандыларды мөңгүнүн үстүнө төгүшкөн. Дүйнө жүзүндө андай тартип, андай эреже жок. Экинчиден, уу калдыктар сакталган жайды эски суунун нугуна куруп, дамбасы жылып кетип, азыр сууга цианид сарыгып агып жатат. Ушул эки кемчилик үчүн чыгым 444 миллиард сом болуп жатат. Эмнеге мындай сумма чыкты? Анткени 18 жылдан бери санкция деп коет. Ал эми санкцияда эгер эрежелерди бузса, ошондой айыптар беш эсе, же эки эсе көбөйтүлөт.

Ушу тушта кыргыз өкмөтү Кумтөр кенин иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын улантып жатат. Анда негизинен Кыргызстандын үлүшүн көбөйтүү боюнча мунаса табылбай жатат.

XS
SM
MD
LG